Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлдөрүн алмаштыруу сунушталды

26 сентября 2018 13:10 1094 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлдөрүн алмаштыруу сунушталды. Мындай демилгени бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев сунуш кылды. Эл өкүлү министр даражасындагы кызмат орундарында отурган өкүлдөр Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албай жатат деп тынчсызданды.

“ЕАЭБ талаптары деп эле биз ээрчип баратабыз. Казакстан, Орусия талаптарын айтып жатат. Биздин маселени да чечиш керек, азыр ишкерлер боюнча маселе чыгып жатат. Биз комитетте да көтөрдүк. ЕАЭБде отурган биздин министрлердин жоопкерчилигин карашыбыз керек. Бажы жана башка төлөмдөр боюнча бир топ позицияларды алдырдык. Ал кишилер бизге пайдасы жок, биздин таламыбызды талаша албай жатат”, - деди Тиллаев.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-eaebdegi-kldrn-almashtyruu-sunushtaldy



Добавить комментарий