Кыргызстандык балбан кыз Кальмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты

1 августа 2019 17:08 2505 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Кальмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты. Чейрек финалда Кальмира Беларустун кызы Алеся Хетманаваны 9:1 эсебинде утуп алды.

Эми жарым финалда анын атаандашы Казакстандык Алтын Шагаева болмокчу.

53 кило салмакта күч сынашын жаткан Кальмира Билимбек кызы жарым чейрек финалды даниялык Мария Хильдегаард Вильумсенди, 1/16 финалда Азербайжандык Эльнура Маммадованы жеңип алган.

Өспүрүмдөр арасында кыздар күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Болгария борбору София шаарында өтүп жатат.

Бүгүн, 1-августта мелдештин төртүнчү күнү алгачкы 5 комплект медалдар ойнотулат. Мындан сырткары дагы 5 салмак боюнча күрөштөр жүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-balban-kyz-kalmira-bilimbek-kyzy-djn-chempionatynda-zharym-finalga-chykty



Добавить комментарий