Кыргыз-тажик чек арасында, Ысык-Көл жана Нарын облусунда жер силкинди
Кыргыз-тажик чек арасында, Ысык-Көл жана Нарын облусунда жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, бүгүн, 13-июлда саат 01:05те Кыргызстан менен Тажикстандын чегинде очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ал Лейлек районунун Алга, Жеңиш, Ак-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилди.
Ошондой эле, кечээ, 12-июлда саат 06:28де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Ал Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында 3 балл, Дархан айылында жана Каракол шаарыда 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ajrym-zherlerinde-zher-titir-bolup-tt
Добавить комментарий ×