Кыргызстандын аймактарында социалдык дарыканалар ачылат
Поделиться в:
Ош областында социалдык аптекалар ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдаганын “Барометр” билдирет.
Министр учурда Ош областында жүргөнүн жана жугуштуу оорулар ооруканасы менен социалдык дарыканаларды ачууну пландап жатканын айтты.
“I жана II топтогу майыптыгы барларга дары сатып алууда 25 пайыздык арзандатуу болот”,-деп айтты министр.
Бейшеналиев белгилеп өткөндөй, мындай дарыканалар Жалал-Абад областында жана башка аймактарда ачылмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ajmaktarynda-socialdyk-darykanalar-achylat
Добавить комментарий ×