Кыргызстандыктар жарым жылда 34 миллиондон ашык сомду каржы пирамидаларына алдатышкан

7 июля 2021 11:55 1421 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 6 айдын ичинде каржы пирамидасын түзгөн 906 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, Ош областында 16, Ысык-Көл областында 886, Баткен областында 1 , Талас областында 3 учур катталды.Анын ичинен 875 учур сотко өткөрүлдү, 1 иш токтотулду.

Жарандарга келтирилген чыгым 34 миллион 731 миң 331 сом болгон.

ИИМ мындай жеңил акчага алданбоого жарандарды чакырат.   

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktar-zharym-zhylda-34-milliondon-ashyk-somdu-karzhy-piramidalaryna-aldatyshkan



Добавить комментарий