Кыргызстандыктар май айында канча күн эс алат?
Поделиться в:
Май айында кыргызстандыктарды Жеңиш күнүнө карата узак эс алуу күтөт. Тиешелүү токтом 2018-жылы өкмөт тарабынан кабыл алынган.
1-май- Эмгек күнү, 5-май-Конституция күнү жана 9-май-Жеңиш күнү майрам катары эс алуу күндөрү болот.
5-май-Конституция күнү жекшембиге туш келгендиктен аны 6-майда белгилемекпиз. Бирок эс алуу жана жумуш эмес майрамдык күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында 6-май (дүйшөмбү) эс алуу күнү 10-майга (жума) жылдырылды. Бул күн эс алуу деп жарыланды.
Ошентип кыргызстандыктар 9, 10, 11 жана12-майда катары менен эс алат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktar-maj-ajynda-kancha-kn-es-alat
Добавить комментарий ×