Премьер-министр 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык, жарандар 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январында, ошондойэле 9, 10, 11 жана 12-майында эс алышат.
Белгилесек, документке ылайык, 25-февралдагы дем алыш күнү 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнү 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнү 4-январдагыжумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнү (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнүкатары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которулууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktar-1-yanvardan-7-yanvarga-chejin-es-alyshat
Добавить комментарий ×