Кыргызстандык ютубчулар “Лоло” мультсериалын кыргызча которушту
Бир аз мурда YouTube сервисинде алтын жана күмүш кнопкаларды алган Алмаз Джунусовдун студиясынын Сitycat каналы үч жашка чейинки балдар үчүн «Лоло» мультсериалын кыргыз тилинде тартуулады.
Алар англис тилдүү аудиторияга өзүнүн продукциясын сунуштаган кыргызстандык анимациялык студиялардын алгачкылары болгондугу менен айырмаланды.
Сериалдын англис тилдүү, орус тилдүү версиялары бар. Бүгүнкү күндө 6 сериясы жарыяланды.
“Татынакай Лоло өзүнүн достору болгон роботтор Айо жана Бо менен айлана-чөйрөнү изилдейт. Алар бирге ойноп, ар кандай музыкаларды чыгарып, кубалашып ойноп жүрүп эле ар түрдүү пайдалуу кеңештерди беришет”,-деп айтышты мультфильмдин авторлору.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-yutubchular-lolo-multserialyn-kyrgyzcha-kotorushtu
Добавить комментарий ×