Кыргызстандык спортсмен Айсулуу Тыныбекова Делиге келди

18 февраля 2020 13:57 564 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык спортсмен Айсулуу Тыныбекова Делиге келди.  Бул тууралуу Индиядагы Кыргызстандын элчилиги билдирди.  

Бүгүн, 18-февралда, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамында Нью-Дели шаарына келди. 

Индира Ганди атындагы Эл аралык аэропортто кыргыз спортсмендерин КРнын Индиядагы Элчиси А.Исаев, Элчиликтин кызматкерлери, кыргыз диаспорасынын, ошондой эле Индиянын күрөш Федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты. 

КРнын спорт делегациясы 2020-жылдын 18-23-февралында өтө турган Азия Чемпионатына катышат. Турнирдин ачылышы бүгүн, 18-февралда, «KD Jadhav Hall of Indira Gandhi» стадионунда өтөт. Аялдар арасында эркин күрөш боюнча мелдештер 20-21-февралда болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-sportsmen-ajsuluu-tynybekova-delige-keldi



Добавить комментарий