Антонина Шевченко UFC 262 турниринде 46 миң доллар тапты
Антонина Шевченко соңку кармашы үчүн 46 миң доллар акы алды. Анын 40 миңи спорттук иш-чарага катышканы үчүн, калган алты миң доллары жарнама үчүн төлөнгөн. Бул тууралуу UFCге шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Дем алыш күнү өткөн турнирде Антонина Шевченко америкалык спортчу Андреа Лиге утулуп калган. Америкалык мушкер каршылашын колун кайруу ыкмасы менен жеңип алган. Шевченко экинчи раунд бүтөрүнө сегиз секунд калганда утулган. Ал ага чейин эки мүнөттөй Линин буту менен муунтуу ыкмасынан чыга албай кыйналган.
Каршылашы Андреа Ли деле беттешкени жана жеңиши үчүн 20 миң доллар, медиа жумалыгына катышкандыгы үчүн алты миң доллар алган.
UFC 262 турниринде эң көп сый акыга Хабиб Нурмагомедовдун салмагында жаңы чемпион болгон Чарльз Оливейра алды. Ага 455 миң доллар төлөнгөн. Анын атаандашы Майкл Чендлерге 380 миң доллар берилген. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко UFCде жеңил салмак категориясында мушташып келет.
Эске салсак, Антонина Шевченко UFCнин жеңил салмактагы беш жолку чемпиону Валентина Шевченконун бир тууган эжеси.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-sportchu-antonina-shevchenko-ufc-262-turnirinde-46-mi-dollar-tapty
Добавить комментарий ×