Кыргызстандык окуучулар математика боюнча олимпиадада 1 күмүш, 2 коло медалдарга ээ болушту
Кыргызстандык окуучулар онлайн режимде өткөн математика боюнча олимпиадада бир күмүш, эки коло медалын утуп алышты. Бул тууралуу БИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Македония өткөргөн FMC 2020 математика боюнча олимпиадада кыргызстандык окуучулар 1 күмүш жана 2 коло медалдарга ээ болушту. Олимпиада онлайн режимде өтүп, ага Кыргызстандан 35 окуучу катышты. №61 физико-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Жусупов Жантай күмүш медаль, Есенгулов Эрбол коло медаль, жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Искендеров Эльдар коло медалдарды жеңип алышты.
Үчөө тең 2019-2020-жылдагы альтернативдик олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп саналат жана август айында Кыргызстандын курама командасы үчүн уюштурулган жайкы даярдоого катышкан. Курама команданы даярдагандар: Ишматов Мамат, Абдувалиев Мурат, Амир Мохаммед-Али.
Добавить комментарий ×