Видео. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFCде мушташат

9 февраля 2019 15:04 2167 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюму менен келишим түздү.

Мындай кабарды бүгүн, 9-февралда мушкердин Саят аттуу менеджери өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.  Менеджер Инстаграмдагы баракчасына мушкердин UFC уюму менен келишим түзүү ишке ашканын Рафаэль Физиевге билдирип жаткан учурдагы видео тасманы жайгаштырган.

Менеджер ошондой эле мушкерлердин эң мыкты лигасы болгон UFC уюму менен келишимге жетишилгени менен куттуктаган маалыматтарды калтырган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандык мушкерлердин арасынан азырынча UFCнин женил салмактагы чемпиону Валентина Шевченкодон кийин эле Рафаэль Физиев аталган уюм менен келишим түзүүгө жетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-mushker-rafael-fiziev-ufcde-mushtashat



Добавить комментарий