Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко америкалык Андреа Ли менен беттешет
Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченконун кезектеги кармашы 16-майда болот. Бул тууралуу UFC Russia баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, аялдар арасында жеңил салмак боюнча беттеш 16-майда АКШнын Хьюстон шаарындагы UFC 262 стадионунда болот. Шевченко америкалык Андреа Ли менен беттешет.
Эске сала кетсек, 2020-жылы Антонио Шевченко UFC on ESPN 9 турниринде америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип жеңилип калган.
Белгилей кетсек, Антонио Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси Валентина Шевченконун бир тууганы.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-mushker-antonina-shevchenko-amerikalyk-andrea-li-menen-betteshet
Добавить комментарий ×