Кыргызстандык модель эл аралык суулулар сынагын жеңди

8 июль 2018 03:00 2009 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык модель Алтынай Абдымомунова эл аралык Miss Tourism International, Ukraine, Black Sea 2018сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жарыялады. Сынактын финалдык бөлүгү 28-июнда Одессада өткөн.

1-орун үчүн  Украина, Израиль, Албания, Эстония, Германия, Румыния, Молдова, Беларусия, Болгария жана Австриядан келген сулуулар ат салышты. Жеңүүчү Алтынай Абдымомуновага баалуу таштар менен кооздолгон таажы кийгизилди. Израилден келген катышуучу вице-мисс наамын жеңди, ал эми “Бикини”номинациясына Молдовадан келген бийкеч ээ болду. 

Сынак Одессада быйыл экинчи жылы өтүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-model-el-aralyk-suulular-synagyn-zhedi



Добавить комментарий