Кыргызстандык Мирлан Эралиев Казак куреши боюнча дүйнө чемпиону болду

5 сентябрь 2019 00:22 1850 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түштүк Кореда өткөн казак күрөшү боюнча “2019 CHUNG JU WORLD MARTIAL ARTS MASTERSHIPS” мелдешинде кыргызстандык балбан Мирлан Эралиев чемпион болду. Мирлан тарыхта казак күрөшүнөн дүйнө чемпионатын уткан биринчи кыргыз балбаны болуп калды.

Бул тууралуу чемпиондун бир тууган агасы Улан Эралиев “barometr.kg” сайтына билдирди. Анын айтымында, 70 кило салмакта күч сынашкан Мирлан финалдык беттеште казакстандык балбанды таза жеңиш менен утуп алган.

“Мирлан көп жылдан бери казак күрөшү менен машыгып, ири мелдештерге чыгып келет. Ошол эмгектеринин үзүрүн көрүп дүйнө чемпиону болду. Өткөн жылы көчмөндөр оюнунда да казак балбаны менен финалга чыгып, упай айырмасында жеңилген болчу", - деди Улан Эралиев.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-mirlan-eraliev-kazak-kureshi-boyuncha-djn-chempionu-boldu



Добавить комментарий