Кыргызстандык кыз Москвада сууга чөгүп каза тапты

14 июня 2019 10:04 5648 Barometr
Поделиться в:
ok

13-июнда түштөн кийин «Строгино» метросунун станциясынын аймагында Москва суусуна Жалал-Абад областында туулган кыз чөгүп кеткен.Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары кабарлашты.

 2001-жылы туулган кыз кесиптештери менен эс алып сууга түшмөк болгон. Ал кытай ресторанында иштеген.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, кыз сууга чумкуп кирип кетип ошол бойдон чыкпай калган. 20 мүнөттөн кийин куткаруучулар келип аны алып чыгышкан.

Куткаруучулар алгачкы көмөк көрсөткөнүнө карабай кыз каза тапты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-kyz-moskvada-suuga-chgp-kaza-tapty



Добавить комментарий