Кыргызстандык кесипкөй боксчу Акжол Сулайманбек уулу кезектеги атаандашы каяктан болорун айтты
Кыргызстандык кесипкөй мушкер Акжол Сулайманбек уулу кезектеги атаандашы каяктан болорун айтты. Бул тууралуу ал өзү “barometr.kg” сайтына бүгүн билдирди. Анын атаандашы Түштүк Африка же филиппиндик мушкер болушу ыктымал.
"Кезектеги атаандаш Түштүк Африкалык мушкер болушу мүмкүн. Бирок WBA бокс уюму аны азырынча расмий беките элек. Эгер ал болбой калса, филиппиндик мушкер атаандаш болушу мүмкүн", - дейт Акжол Сулайманбек уулу.
Акжол өнөктөштөрү менен кечээ эле Орусиянын Кисловодск аймагынан окуу-машыгуу сборунан келген.
Учурда машыгуусун улантып жатканын кошумчалады.
Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу профессионал бокста 14 жолу беттешке чыгып, баарында жеңишти камсыздаган.
Мындай көрсөткүчү менен ал WBA түрү боюнча рейтингде 4 сапка жетти. Муну менен Акжол экинчи жеңил салмакта дүйнө чемпиону титулу үчүн беттешке талапкер катары жакындады.
Эске сала кетсек, Акжол Сулайманбек уулу WBA Asia боюнча үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Анда тайланддык Пипата Чаипорна менен беттешке чыгып, сегизинчи раунда мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен.
Акжол Сулайманбек уулу Баткен облусунан чыккан алгачкы профессионал мушкер.
Добавить комментарий ×