Кыргызстандык АКШдан гашиш майына тапшырык бергенден кийин кармалды

1 октября 2021 13:13 1396 Barometr
Поделиться в:
ok

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк” бажысынын кызматкерлери тарабынан аткезчилик менен алынып келинген товар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Чүй областынын 1990-жылы туулган тургуну К.Ф. 15-сентябрда Америкадан келген кутуну ачып жаткан маалда Бишкекте кармалды. Кутуда суюктук куюлган флакондор жана “Saucey” деген жазуусу бар капсулалар болгон.

Экспертизанн жыйынтыгы менен табылган зат-гашиш майы экени аныкталды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Кызматкерлер АКШдан аталган товарды жөнөткөн жана уюштурган тараптарды аныктап жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-akshdan-gashish-majyna-tapshyryk-bergenden-kijin-karmaldy



Добавить комментарий