Кыргызстандык 12 куткаруучу Россиянын жогорку сыйлыгын алышты

18 октября 2023 14:15 833 Barometr
Поделиться в:
ok

ӨКМнын 12 куткаруучусуна Россиянын сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Маалым болгондой, куткаруучуларга сыйлык, үстүбүздөгү жылдын июль айында Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыгып, дайынсыз жоголгон 4 альпинистти издөө ишинде тайманбастык менен жигердүү аракет жасагандыгы үчүн тапшырылды. 

“Бишкекте өтүп жаткан Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун 56-сессиясынына алкагында Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри,  генерал-лейтенант Александр Куренков баш болгон атайы делегация менен Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев тар чөйрөдө кеңешме өткөрдү.

Анда тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюудагы ар тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына кеңири токтолушту.

Өз сөзүндө министр Б. Ажикеев Россиянын өрт өчүрүүчү унаалары жана акыркы үлгүдөгү Ми-8 МТВ тик учагын тапшырып, техникалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн кесиптешине терең ыраазычылык билдирди.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "За содружество во имя спасения" ведомстволук медалы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12 куткаруучусу сыйланды.

Жогорку даражадагы сыйлык ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун "Эдельвейс" тоо куткаруучулар кошуунунун үстүбүздөгү жылдын июль айында Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыгып, дайынсыз жоголгон 4 альпинистти издөө ишинде тайманбастык менен жигердүү аракет жасагандыгы үчүн тапшырылды”, -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак,  2023-жылдын 13-июль күнү орусиялык Дмитрий Павленко жубайы Светлана Великанова баштаган Литва жана Россия өлкөсүнүн жарандары Жеңиш чокусун багындыруу үчүн Кыргызстандагы "Ак-Сай" Трэвел компаниясы аркылуу жүрүшкө чыгышкан. Тилекке каршы 19-июль күнү белгисиз себептерден улам байланыш үзүлүп, төрт адамдын дайыны чыкпай калган.

Мындан улам 27-июлда Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  альпинисттерди  издөөгө жардам берүүсүн өтүнүү тууралуу расмий кайрылуусу  Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн. Ага ылайык ӨКМ 11 тоо куткаруучусун тик учак менен Жеңиш чокусуна альпинисттерди издөө үчүн жиберген.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-12-kutkaruuchu-rossiyanyn-zhogorku-syjlygyn-alyshty



Добавить комментарий