Кыргызстандан Россияга учактар жакында каттай баштайт
Кыргызстандан Россияга рейстер жанданат. Алар качан учаары айтылды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» которду.
«Ата-энелери, балдары жана жубайлары Россиянын жараны болсо, убактылуу жашоого уруксаты барлар, медициналык мекемелер чакырып жаткандар жана оорулуу туугандарын карайм дегендер гана уча алат», - деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы рейске катталган Россиянын жарандары. Жүргүнчүлөр учар күнү сайттагы атайын бланкты толтуруп, https://www.gosuslugi.ru/395443/1 Россияга келгенге чейин үч календарлык күндүн ичинде коронавируска тест тапшыруусу зарыл. Анын жыйынтыгы https://www.gosuslugi.ru/400705/1 порталга жүктөлгөндөн кийин Роспотребнадзорго маалымат берилет.
Каттамдардын тизмеси:
12-август: Ош — Москва, учуу убактысы такталып жатат;
12-август: Бишкек — Екатеринбург, учуу убактысы такталууда;
15-август: Бишкек — Санкт-Петербург, учуу убактысы такталууда;
16-август: Бишкек — Москва, 16:20да учат ("Аэрофлот");
16-август: Ош — Санкт-Петербург, убактысы такталып жатат;
26-август: Ош — Москва, 07:45те учат ("S7").
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandan-rossiyaga-2-kndn-kijin-uchsa-bolot
Добавить комментарий ×