Кыргызстандан медициналык билим алган пакистандыктардын 90% өз өлкөсүндө экзаменден өтпөй калган
Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинин маалыматы боюнча, медицина тармагында адистерди даярдаган Кыргыз Республикасынын бардык ЖОЖдору кара тизмеге киргизилген жана Пакистан жарандарына аталган окуу жайлар сунушталбайт. Пакистан Медициналык Комиссиясынын КРнын ЖОЖдорун кара тизмеге киргизүүсүнөн улам жаралган абалды КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
КРнын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина тармагындагы адистерди даярдоочу ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуу өткөрдү.
Министрликтин жетекчилиги, Пакистан Ислам Республикасындагы (ПИР) Кыргыз Республикасынын элчилигинин маалыматына караганда, КРнын медицина тармагындагы адистерди даярдоочу бардык ЖОЖдору ПИР тарабынан кара тизмеге киргизилгенин айтты. Мунун себеби, КРда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жана алардын 90% Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатканында.
Жетекчилик, жаралган кырдаалды КРнын жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөн сапаты менен байланыштырат. Ошондой эле, медицина тармагында чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылы болгонуна карабай, алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү белгиленди.
Жаралган кырдаал КРдагы инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө, медициналык ЖОЖдорго болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт.
Муну менен катар, жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында, министрликтин жетекчилиги пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырууга чакырды.
Ошондой эле, Билим берүү жана илим министри бир катар тапшырмаларды берди:
Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин көйгөйлөрүн чечүү;
Билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык чараларды көрүү;
Эл аралык аккредитациялардан өтүү.
Коюлган тапшырмалар аткарылбаган учурда, ЖОЖдун лицензиясы мыйзам ченеминде кайрадан каралып чыгат.
Талкуунун жыйынтыгында ректорлор тарабынан төмөнкүлөр сунушталды:
Пакистандык тарапка кара тизмени кайрадан карап чыгып, 2016-жылы Пакистан медициналык кеңеши тарабынан ПИР жарандарынын тапшыруусу сунушталган КР ЖОЖдорун андан чыгарууну сунуштоо.
ЖОЖдорду талаптарга жооп берүүсү боюнча топтоштуруу жана ал топторду кадам-кадам менен “кара тизмеден” чыгаруу.
Пакистандык тарапка КР ЖОЖдору көрсөткөн кызматтарды баалоо боюнча көз карандысысыз комиссия уюштуруп, анын жыйынтыгынын негизинде “кара тизмедеги” ЖОЖдорду кайрадан карап чыгуусун сунуштоо.
Кошумча, ЖОЖдордун өкүлдөрү тарабынан ПИР Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен боло турчу жолугушууда ПИРде жүрүп жаткан ортомчу “контрактчылардын” ишмердүүлүгү боюнча суроону көтөрүү өтүнүчү айтылды.
Добавить комментарий ×