Кыргызстандан этти экспорттоо азык-түлүктүн кымбатташына себеп болду
2021-жылдын башынан бери дүйнөлүк рынокто азык-түлүктүн бааларынын өсүшү Кыргызстандагы азык-түлүктүн кымбатташына себеп болду. Бул тууралуу Улуттук банктын 2021-жылдын I кварталындагы акча-насыя саясаты жөнүндө отчетунда айтылды.
2021-жылдын I кварталында дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде социалдык маанилүү товарлардын баасы жогорулады.
Анын ичинде баасы дүйнөлүк азык-түлүк базарынан көз каранды боло турган өсүмдүк майы менен кум шекердин кымбаттоо тенденциясы сакталып жатат.
2021-жылдын I кварталында инфляциянын жылдык мааниси 10,3 пайызды түздү.
Аталган мезгилдин аралыгында керектөө бааларынын деңгээлине ар түрдүү факторлор, көп учурда монетардык эмес факторлор таасир берди.
Негизинен бул мезгилде майлар жана каймак майлар, жашылча-жемиштер, эт жана кум шекердин наркы көтөрүлдү.
Эң негизинен Кыргызстандагы кымбатчылыкка дүйнөлүк азык-түлүктүн наркынын жогорулашы менен өлкөдөн этти экспорттоо себеп болду.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandan-etti-eksporttoo-azyk-tlktn-kymbattashyna-sebep-boldu
Добавить комментарий ×