Кыргызстандан экспорттолгон 20 тонна өрүк Орусияга киргизилген жок

22 августа 2018 23:50 2736 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандан экспорттолгон 20 тонна өрүк Орусиянын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу “Россельхознадзор” мекемесинин сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан бараткан жемиш “Россельхознадзор” федералдык кызматынын Оренбург облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Маштаково” жана “Сагарчин” бекеттеринен токтотулган. Мекеме буга жемиштин фитосанитардык сертификаты жараксыз деп жыйынтык чыгарганын билдирген.

Белгилей кетсек, Орусиянын “Россельхознадзор” мекемеси жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча, мөмө жана жер-жемишти ушул шылтоо менен артка кайтарды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandan-eksporttolgon-20-tonna-rk-orusiyaga-kirgizilgen-zhok



Добавить комментарий