Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган окуялар. А сиз көрүмчүлөргө ишенесизби?

11 июня 2019 13:04 6153 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Адамзат жаралгандан тарта ар түрдүү кызыктуу, таң калыштуу, ишене турган да ишенбей турган да окуяларды, көрүнүштөрдү башынан өткөрүп келет. Маалым болгондой тарыхта да бүгүнкү күндө да ар түрдүү “тирүү эмес нерселер” тууралуу да ар түрдүү окуялар, баяндар айтылып келет. Аларды ар ким ар түрдүү сүрөттөйт. Айрым учурларда мындай жагдайлары “Коркконго кош көрүнөт” деген макал менен сүрөттөр баарын четке каккандар да жок эмес. Ал эми Кудайдын бар экенине ишенбеген “динсиздер” блсо мындай көрүнүштөргө жана окуяларга таптакыр ишенбестигин айтып келишет. Чындап эле көзгө көрүнүүчү “рухтар” барбы? Бул албетте кылымдар бою 2 багыттагы жооп берилип келе жаткан суроо десек болот. Barometr.kg редакциясы  Кыргызстандын айрым жарандары башынан өткөргөн бирок буга чейин айтпай келген “көзгө көрүүнүүчү күчтөр” тууралуу бир канча окуяларды таап чыгып, аларга байланыштуу адистердин пикирлерин угуп көрдү.

А. Ж., 24 жашта. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск шаарынын тургуну.

Биз 2016-жылы балдар менен Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы мектептердин бирине оңдоо иштерин жургүзүүчү усталар катары барып калдык. Анан ал жакта биз тунөй турган жер жок болгондуктан мектептин ичине эле жатып алчубуз. Биз имараттын ичинде өзүбүз жалгыз болгонубузга карабай түндө кандайдыр бир түшүнүксүз үндөрдү угуп жүрдүк, кээде бирөө эшикти ачкандай боло берчү. Баарыбыз эркек балдар болгон үчүнбү, айтор башында маани бербей эле жүрдүк, ошол жерлик балдар бизге тийишип жатышатго деп эле ойлоп койчубуз. Бир күнү балдардын бири көчөгө чыгып баратып бир караан көргөнүн айтып кирип келди. Баарыбыз чыгып карасак эч ким жок. Ошондо да оюбуз башкага кеткен эмес экен. Ошентип бир жолу балдар көчөгө чыгабыз дегенинен мен эс алам деп чыкпай койгом. Уктап баратсам эшиктин сыртына бирөө келгендей үн чыкты, балдар келгенго деп туруп чыксам мектептин ээн каридорунда эч ким жок экен. Таң калып эмне болгонун түшүнүп түшүнбөй кирип жатып алдым. Бир маалда бут жагымда бир нерсе басып жүргөндөй сезилип кетти. Көзүмду аып карасам бутумда кичинекей болгон кара жандык ары-бери басып жүрүптүр. Көргөн көзүмө ишенбей досторума чала баштадым, андай учурда адам өзүн жоготуп коёт экен сыртка да чуркап чыга албай шок абалына түшүп калдым. Бир маалда тиги жандык жок болуп кетти. Балдар келгенде айтып берсем бири ишенип бири ишенбей койду. Эртеси кароолчудан сурасам көрсө ал жердин ээси бар деди. Адам жок болгондо, түндө пайда болот экен. Ошол окуядан кийин мен шаарга келе бергем. Мени баарынан таң калтырганы күндүз биздин аууга алыбыз жетпеген оор эшиетердн оңой эле ачылып жабылганы болгон. Мен андан кийин мындай окуяларга кезиккен жокмун, бирок чындап имараттардын ээси болот дегенге ишенип калдым.

Г. Д, 29 жашта. Жумгал районунан болот, учурда Бишкек шаарында турат

Маевкада иним экөөбүз 2 кабаттуу квартирадан батир алып чогуу жашачубуз. Иним студент мен иштечимүн. Ошол биз жашаган үйдүн ээси бар деп көп айтып калышчу, ага көп маани бербеген менен баарибир коркуп жүрчүмүн. Ал үйдүн ээси бою 2 метрдей болгон эркек киши экен. Айтымдарында ал ошол үйдөгү аялдардын жанына барып жатып алчу экен. Биринчи күлүп жүрсөм да бир күнү жалгыз жатсам тепкичтен тырмалаңдап чыгып келе жатканын сездим. Аял болгон үчүн да коркоок келет эмеспизби аябай журөгүм бир башкача согуп коркуп кеттим. Кандайдыр бир бою узун жандык мени көздөй басып келе жатты. Коркконумду азыр сөз менен айтып бере албайм. Көзүмдү катуу жумуп алып келме келтире баштадым эле жок болуп кетти.

Кийин мындай окуя дагы кайталанды, бирок турмушка чыккандан кийин. Жаңы үй сатып алганбыз, жолдошум жумушчу сапары менен үйдө көп болбогондуктан жалгыз калчумун. Бир жолу түндө уктап жатсам бир аял басып келип карап турганын көрдүм кайра көзүмду жумуп келме келтире баштадым. Ошол окуядан кийин түнү дайыма куран коюп жатууда адатка айландырдын. Бир жолу иним, атам да көргөнүн айтып калышты. Бирок ал үйдүн ээси бизге эч зыянын тийгизген жок. Кээде гана түндө жатсам сырткы бөлмөдө муздаткычтын эшиги ачылып жабыла берчү. Мен өзүм намаз окуп, куранды дайыма айтып жургөндөн кийин жок болуп кетти. Баарибир ошентсе деле балдарымды жалгыз калтыргандан коркуп жүрдүм. Иним үйлөнүп Туркияга кеткенде келиним биздикине келип жашап калды. Анан аны коркпосун деп бул тууралуу айткан жокмун. Кийин билсем ал да бир нерсе келгенсип коркуп жүрүптүр. Азыр баары тынч болуп кеткен, шартка байланыштуу үйүбүздү сатып Токмок шаарына көчүп кеттик.

Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын тургуну

Көп жыл мурун, мен жаш келин кезимде үйдө чоңдор менен жаңы-жыл тостук. Анан эле малга чөп салайын деп чыгып короого кирсем артымда бирөө тургандай сезиплип кетти. Бурулуп карасам бою ушун болгон эркек киши колуна балта көтөрүп алып мени чабам деп ызырынып туруптур. Коркконумдан сыртка чуркап чыктым, кийин кайра кайын сиңдилерим менен малга чөп салдым. Көрсө биздин үйдүн асты мүрзө болгон экен мурда. Ошондон уламбы айтор үйүбуздүн ээси бар. Чынын айтсам балдарым “ошолор” менен аралашып жүрүп эле чоңойду. Ал биз чай ичип олтурсак кээде сырткы бөлмөнүн светин өчурүп күйгузүп ойночу, түндө түртуп ойготуп кетет, тийишип кетет. Бирок бир да жолу үй-бүлө мүчөлөрүбузгө терс таасирин тийгизип зыян келтирген эмес. Ошого эле кубанам. Үйүбүздүн ээси тескерисинче жаман кабар болоор алдында же жаман энергиялуу адам келээрде кадимкидей кабар берет. Кээде үйдүн үстүндө эч нерсе жок болсо да тоолтура жыгачтардын нары бери ыргытылган үндөрү угула берет. Бир жолу үйгө молдо иним аялы менен конок болуп келип калышты, аларга атайын ошол бөлмөгө төшөк салып бердим. Үйдун ээси аларды улам түртүп кетип, чаап кетип жатып такыр уктатпай коюптур. Ошондон кийин ал бөлмөдө өзүбүз жатабыз, түнөп кетчү конок болсо ал жок бөлмөгө жайгаштырабыз. Аны менен байланыштуу окуяларды айта берсем эч түгөнбөйт. Мал союлганда дайыма ыырымдап эшиктин босоголоруна канын сүртүп, бат-баттан куран окуп турабыз. Үйдү тазалатайын десем балдарым койчу апа деп коюшат, көнүп калышкан да. Жамандыктан Кудай өзү сактасын.

Ушул сыяктуу окуялары менен бөлүшкүсү келген инсандар абдан көп экендиги тууралуу биздин редакция аталган материалды жазып баштаганда чындыгында таң калды. Анткени мындай табышмактуу окуялар чындыгында көп кишинин башынан өтүптүр.

Көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жоопту жана мындан да кызыктуу жана жүрөк үшүн алган окуяларды макаланын кийинки бөлугүнөн окуй аласыздар.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-zhrk-shn-algan-okuyalar-siz-krmchlrg-ishenesizbi



Добавить комментарий