Кыргызстандагы жашоого нааразы болсоң депутат сени Памирге жөнөтөт. Бакировдун сунушу
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Кыргызстандагы реалдуу жашоого нааразы болуп жаткандарды бир жумага Памирге жөнөтсө, көз карашы, акыл-эси өзгөрөт деген пикирин парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Эл өкүлү Памир кыргыздары тууралуу маселени көтөрүп, ал жактагы боордошторго жардам берүү боюнча өкмөт алгылыктуу иштерди жасап жатканын белгиледи. Андан сырткары Кыргыз мамлекети кыргыз элине (Памир кыргыздары – авт.) оор учурда кол сунуп жардам бере ала турганын көрсөткөнүн айтып, ал жактагы жашоонун оордугу, кыйындыгы ЖМКлардагы маалыматтарда жана тарыхчылардын баяндамасынан көрүнүп турарын белгиледи.
Бакиров турмушка нааразы болгондорду ошол жакка жөнөтсө, алар жашоонун оордугун жон териси менен сезсе көз карашы өзгөрмөк деген пикирде.
"Кыргызстанда бүгүн реалдуу турмушка нааразы болгондор болсо ошол жакка бир жума жолдомо алып жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту баштан кечирип жатканын көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, турмушка жана башкага көз карашы өзгөрөт", — деди ал.
Депутат андан сырткары Кыргызстанга көчүрүп келинген Памир кыргыздарынын социалдык абалына көңүл буруп, өкмөт турак-жай менен камсыздоо программасын иштеп жатканын колдоого алды. Аны менен катар Памир кыргыздары мал-жандуу болорун айтып, мал алуу үчүн үстөксүз насыя берүү жагын ойлонуу керектигин кошумчалады.
Добавить комментарий ×