Коронавирустун жаңы 506 учуру катталды, 10 киши каза болду

3 июля 2020 11:10 1072 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 3-июлга карата республика боюнча коронавирустун жаңы 506 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабкка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бишкек ш. – 230, Чүй облусу – 151, Ош ш. – 36, Ош облусу – 14, Нарын облусу – 6, Жалал-Абад облусу – 21, Талас облусу – 1, Баткен облусу – 19, Ысык-Көл облусу – 25. Республика боюнча жалпы 6 767учур катталды.

Ошондой эле, бир сутка ичинде өлкө боюнча 73 медициналык кызматкерге коронавирус жукту. Алар:

Бишкек ш. – 32, Чүй облусунда – 20, Ош ш. – 7, Ош облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 менен медициналык кызматкерлер арасында – 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.

Ошондой эле, өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (аял, 58 жашта);

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан - 1 (эркек, 54 жашта);

Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (59 жаштагы аял киши, медкызматкер);

Ош шаарынын клиникалык ооруканасынан - 1 (аял, 33 жашта);

Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (33 жаштагы эркек киши);

Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 5 бейтап (3 эркек – 64,66,80 жашта; 2 аял – 62,63 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 76га жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-zhay-506-uchur-kaza-boldu-10-kishi



Добавить комментарий