Кыргызстандагы коронавирус: реанимацияда жаткан алты жаран тууралуу толук маалымат
Бөлүшүү:
4-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстан боюнча 144 кишиге коронавирус жукканы тастыкталды. Анын ичинде 9 дарыгерге дагы оору жуккан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысы Касымбек Мамбетов маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле алты киши реанимацияда экенин, бирөөнүн абалы жакшырып калгандыктан бүгүн, 4-апрелде палатага которула турганын кошумчалады. Ал эми бир бейтаптын абалы оор болгондуктан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка (ИВЛ) кошулган.
Реанимацида жаткан кишилер тууралуу толук маалымат:
- Ноокат районунда эркек киши 59 жашта, абалы стабилдүү-оор;
- Ош шаарында эркек киши 45 жашта, өтө оор абалда, ИВЛ аппаратына кошулган;
- Ош шаарында аял киши 63 жашта, абалы стабилдүү-оор, кычкылтек менен дем алып жатат;
- Ош шаарында аял киши 60 жашта, абалы стабилдүү-оор, кычкылтек менен дем алып жатат;
- Жалал-Абад шаарында эркек киши 33 жашта, абалы стабилдүү-оор, динамикасы жакшы болгондуктан бүгүн палатага которулат;
- Нарын шаарында аял киши 60 жашта, абалы туруктуу-оор, кычкылтек менен дем алып жатат.
Добавить комментарий ×