Кыргызстандагы коронавирус: канча киши үй карантинине чыгарылды?

25 марта 2020 09:48 1333 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан боюнча обсервация жайларында 585 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. 2014 киши үй карантинине чыгарылды. Алардын баары карантиндин шарттарын так сактоого милдеттүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле, 25-мартка карата коронавирус жуккан жаңы учур аныкталбаганын кабарлады. Акыркы маалымат боюнча вирус 42 кишиден табылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-kancha-kishi-j-karantinine-chygaryldy



Добавить комментарий