Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 11 миң 117ге жетти

13 июля 2020 11:07 476 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирустун жаңы 488 учуру катталып, жалпы 11 миң 117ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бишкек ш. – 265                Чүй облусу - 37

Ош ш. - 45                             Ош облусу - 26

Жалал-Абад облусу - 51    Баткен облусу - 43

Ысык-Көл облусу - 15        Нарын облусу - 4

Талас облусу - 2

Республика боюнча жалпы 11миң 117ге жетти.

Стационарда – 668, алардын ичинен реанимацияда – 21, үй карантининде дарылангандар – 6 842, ооруканадан чыгарылды – 3 460, каза тапты – 147 адам.

Өлкө боюнча дагы 125 медициналык кызматкерге коронавирус жукту. 
• Бишкек ш. – 63
• Чүй облусунда – 7
• Ош ш. – 16
• Ош облусунда – 10
• Баткен облусунда – 13
• Ысык-Көл облусунда – 7
• Талас облусунда – 2
• Нарын облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 5

Стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 менен медициналык кызматкерлер арасында – 1781 учур катталды, алардын ичинен 560 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Ошондой эле 15 бейтап коронавирустан каза болду.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 4 (эркектер -56, 56, 46 жашта, аял киши 60 жаш);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 2 (аял киши – 70, 71 жаш);
Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жаш);
Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 55 жаш);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (эркек кишилер - 69, 67 жаш. Аял кишилер – 83, 50, 61 жаш);
Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (эркек киши 77 жаш);
Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек киши 75 жаш).
Жалпы каза болгондордун саны 147 кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-dagy-488-uchur-kattalyp-15-bejtap-kaza-boldu



Добавить комментарий