Кыргызстандагы коронавирус: бир суткада 14 жаңы учур катталып, 144 кишиге жетти
Поделиться в:
Бир суткада жаңы 14 учур катталып, коронавир жуккандардын 144 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Ал аныкталган жаңы 14 учурдун бешөө чет жактан келгендерден табылса, 9 кишиге Кыргызстандан жуккан. Андан сырткары учурда алты кишинин абалы оор болгондуктан реанимацияда.
Ал ортодо Кыргызстанда оорудан айыккандар 6 кишиге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-bir-sutkada-zhay-uchur-kattalyp144-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×