Кыргызстандагы коронавирус: 19-майга жаңы 27 учур аныкталып, оору жуккандардын саны 1243кө жетти
Поделиться в:
Кыргызстанда бир суткада коронавирус илдети жуккан жаңы 27 учур катталып, жалпы илдет жуккандар 1243 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактардан табылган:
Бишкек шаары – 7
Чүй облусу – 3 (Соль-Илецк шаарынан келгендер)
Нарын облусу - 11
Ош облусу – 6.
Андан сырткары Республика боюнча жалпы 898 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Добавить комментарий ×