Кыргызстандагы коронавирус: 14 күн карантинге алынгандардын 1309у чыгарылды
Кыргызстанда жашаган жерлери боюнча 14 күндүк карантинге алынган 1309 киши чыгарылды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана анын жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, саат 16:30га алынган маалымат боюнча коронавирус жуккандардын саны өзгөргөн жок, мурдагыдай эле 6 киши.
Убактылуу обсервациялоо пунктарында 410 киши бар.
Жашаган жерлери боюнча медициналык пунктарда жайгашкандар – 1251 адам. Бардыгынын абалы канааттандырарлык.
Кыргызстанга келген жарандарды обсервациялоого жана жаткырууга Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ӨКМ тарабынан даярдалган койко-орундуктардын саны - 2290. Алар төмөнкү жерлерде ачылып, орун алды:
Дарылануучу мекемелерине жаткырууга – 504;
Дарылануучу мекемелерине обсервациялоого - 160;
«Иркештам» - көзөмөл-өткөрүү пунктуна – 170;
«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна – 100;
«Манас» Эл аралык аэропортуна – 803;
Ош шаарындагы “Барчын” медициналык борборуна – 70;
«Ош» Эл аралык аэропортуна – 40;
Ош шаарындагы аскер госпиталына – 70;
“Беш-Күңгөй” аскер госпиталына – 75;
“Ак-Кеме” мейманканасына - 298.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-14-kn-karantinge-alyngandardyn-1309u-chygaryldy
Добавить комментарий ×