Кыргызстандагы коронавирус: 1-майга карата оору 756 кишиге жукту
Кыргызстанда бир суткада 10 жаңы учур катталып, жалпы оору жуктургандардын саны 756 кишиге жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
1-майга карата республика боюнча аныкталган он учур төмөнкү аймактарда табылды.
Бишкек ш. – 5
Ош облусу - 3
Баткен облусу – 1
Нарын облусу - 1.
Ал ошондой эле, бир сутка ичинде 42 бейтап ооруканадан айыгып чыкканын кошумчалады. Алар:
Бишкек ш. – 8
Ош ш. – 10
Ош облусу - 9
Жалал-Абад облусу - 3
Нарын облусу - 11
Ысык-Көл – 1
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 504 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-1-majga-karata-ooru-756-kishige-zhuktu
Добавить комментарий ×