Кыргызстандагы иттерди көбөйтпөш үчүн ийне саюну сунушташты
Кыргызстанда бир жылда 25 миң, ал эми Бишкекте 10 миң ит атылат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште айтылды.
Эл өкүлү Ирина Карамушкина белгилегендей, үй-жайсыз айбанаттар менен күрөшүүнүн көбүрөөк гумандуу жолдорун тапса болот. Мисалы-стерилизация.
“Силер азыр шумдук цифраларды айтып жатасыңар. “Жашыл” кыймылдын мүчөлөрү жыл сайын биз 25 миң итти өлтүрүп жатканыбызды билсе эмне болорун элестетип көргүлө? Балким аларды көбөйтпөш үчүн атайын ийне саюу керекпи”,-деп айтты Ирина Карамушкина.
Бирок Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев атайын вакциналарга акча жоктугун, ошондуктан аларды атууга туура келип жатканын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-itterdi-kbjtpsh-chn-ijne-sayunu-sunushtashty
Добавить комментарий ×