Кыргызстандагы баалар кайсы кызматтарда ѳскѳн?
Улуттук статистика комитети маалымдагандай, Кыргызстанда 2019 - жылдын I жарым жылдыгында калкка кызмат кылуучу тарифтердин баасы ѳлкѳ боюнча 0.4%га кыскарган. Ал эми Талас, Чүй, Нарын областтарында тескерисинче баанын өсүшү 1.4%, 0.3% жана 0.1% түзгөн.
Жылдын башында уюлдук телефонго колдонуучу абоненттик төлөмдүн баалары - 20%га, аба жүргүнчүлөрдү ташуучу кызматтын баасы - 6.5%га, кинотеатрдагы кызматтар – 3.5%га, сыналгыны оңдоочу кызматтын баасы - 3.4%га, кийим тигүүчүлөрдүн баасы - 3.2%га, чач тарач кызматы - 2.3%га, темир жолддогу жүргүнчүлөрдү ташуучу кызматтын баасы - 0.9%га, амбулаториялык кызматтын баасы - 0.4%га, турак-жайларды техникалык жактан оңдоп-түзөө иштери 0.3%га кымбаттаган.
Ошону менен бирге эле I жарым жылдыкта мейманканадагы кызматтардын тарифтик баасын - 2.3%га, жергиликтүү уюлдук байланышты камсыз кылуучу баа – 2.1%га, муздаткычтарды оңдоо кызмат акысын – 1.6%га, ашкана кызматтарынын баасын – 1.2%га, коомдук унаада жүргүнчүлөрдү ташуучу кызматтардын баасы – 0.8%га, бут кийим оңдоочу кызмат – 0.5%га, мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү кызматтарынын баасы – 0.4%га кыскатуу каралган.
Ал эми КМШ өлкөлөр ичинде керектелүүчү товарга жана кызматтарга болгон баалардын максималдуу өсүшү Белорусияда - 2.9%га көбүрөөк катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-baalar-kajsy-kyzmattarda-skn
Добавить комментарий ×