Кыргызстанда жыл башынан бери 222 миң ID-карт берилген

11 июль 2019 12:27 1198 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын январь айынан май айына чейинки аралыкта 222 миң 348 ички паспорттор жарандарга берилген. Бул тууралуу бүгүн болгон басма сөз жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, жылдын башынан бери 169 миң 931 жалпы жарандык паспорт жана 70 миң 703 туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген.

Мындан тышкары бул аралыкта 170 миң 150 унаа каражаты каттоодон өткөн жана 49 миң 179 айдоочуга күбөлүк тапшырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhyl-bashynan-beri-222-mi-id-kart-berilgen



Добавить комментарий