Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акча 142 миллиард сомдон ашты

27 сентября 2021 13:33 2031 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 1-сентябрга карата акча базасынын көлөмү жаңы рекорд койду. Бул тууралуу Улуттук банктан алынган маалыматка таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Акча базасы сентябрь айынын башында 158 миллиард 782 миллион сомду түздү. Ал эми август айынын башында анын көлөмү 155,4 миллиард сомго жеткен болчу.

Учурда өлкөдө 142 миллиард 145,4 миллион сом жүгүртүүгө чыккан. Август айынын башында бул көрсөткүч 139,1 миллиард сом болгон эле.

2017-жылы акча базасы алгачкы жолу 100 миллиард сомдон ашып жана ошондон бери көбөйүүнүн үстүндө болуп жатат.

Жүгүртүүдөгү акча-бул насыя уюмдарынын касскасындагы каражаттын калганын кошкондо калктын колундагы айланып жаткан акча.

Акча базасы болсо жүгүртүүдөгү жана каржылык уюмдардын резервдердеги сом менен эсептелген акча.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhgrtdg-akcha-142-milliard-somdon-ashty



Добавить комментарий