Кыргызстанда жаңы шайлоо качан болору 6-ноябрга чейин белгилүү болот

9 октября 2020 14:45 1018 Barometr
Поделиться в:
ok

БШК жаңы парламенттик шайлоону өткөрүүнүн убактысын ушул жылдын 6-ноябрына чейин чечет. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эскерте кетсек, 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эки күндөн кийин 6-октябрда жокко чыгарылган.

"Шайлоого өткөн жок деп табылса, мыйзам боюнча кайрадан өткөрүлүшү керек. БШК анын убактысын бир айдын ичинде бекитип, тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Мындайча айтканда, жаңы парламенттик шайлоонун убактысы 6-ноябрга чейин белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Ушул күнгө чейин өлкөдө кырдаал өзгөрбөй, митингдер, башаламандыктар уланып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhay-shajloo-kachan-boloru-6-oktyabrga-chejin-belgil-bolot



Добавить комментарий