Кыргызстанда жаш балдар арасында кызылча оорусу күч алууда

18 июля 2018 22:17 1690 Каныкей Шаршенбаева
Поделиться в:
ok

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, жыл башынан бери өлкөдө 323 кызылча оорусу катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунун жашоочулары. Оорулуулардын 43 пайызы 1 жашка чейинки балдар, 17,6 пайызы убагында эмделбеген же андан баш тарткандар. “Россиядан келген балдар менен байланышта болгон наристелер ооруп жатат”,- деп белгилешти министрликтен.

Билдирүүдө айтылгандай, буга чейин кызылча менен оорубаган жана ага каршы эмдөө албаган жарандарда ооруп калуу коркунучу жогору, алар кайсы жашта болбосун ооруп калышы мүмкүн. Аны алдын алуу үчүн эмдөө зарыл.Эмдөө календарына ылайык, жаш балдар кызылча, паротит жана кызамыкка каршы 12 айында жана 6 жашында эмделет.

Вакцинациядан баш тарткан ата-энелер балдарынын ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салып жатышат,- дешет министрликтен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhash-baldar-arasynda-kyzylcha-oorusu-kch-aluuda



Добавить комментарий