Шашылыш билдирүү! 3 күн жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

21 июля 2020 16:36 1136 Barometr
Поделиться в:
ok

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республика аймагында сел жүрүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

21-23-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

"Коопсуздук үчүн жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhakynky-kndrd-kandaj-aba-yrajy-ktlt



Добавить комментарий