Ашуудагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүүcү күтүлөт

3 мая 2021 14:47 2904 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана капчыгайларда көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Бүгүн, 3-майда күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл",- деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhaan-chachyn-unaa-zholdordo-500-metr-aralykty-satkash-zaryl



Добавить комментарий