Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган 11 миңдей адам катталган
1-ноябрга карата Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган 11 миңге жакын адам катталды, алардын 10 миң 395и республиканын жарандары. Эпидемия катталган күндөн бери 2 385 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык «СПИД» борборунун директору Умут Чокморова тегерек стол маалында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, оору жуктуруп алгандардын 63 пайызы эркектер, 37 пайызы аялдар.
“Энесинен балага оору жуккан учурлар 2,7 пайыз, жыныстык жол менен оору жугузгандар 52 пайыз, кан аркылуу оору жугузгандар 40 пайыз”,-деп белгиледи Чокморова.
Жыл сайын өлкөдө ВИЧ дарты 700-800 адамдан табылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-vich-zhuguzup-algan-11-midej-adam-kattalgan
Добавить комментарий ×