Кыргызстанда ундун баасы кымбаттады
Кыргызстанда жазында ундун баасы бир аз кымбаттап, азыр ошол боюнча туруктуу турат. Бул тууралуу айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы боюнча министри Эркинбек Чодуев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Депутат Алмазбек Акматов ундун баасы азыр кандай болуп жатканына кызыкты.
Ага айыл чарба министри Чодуев жооп берип, баалар азыр туруктуу экенин белгиледи.
“Быйыл ундун баасы жазда бир аз кымбаттаган. Бүгүн ошол боюнча туруктуу турат”, — деди Чодуев.
Депутат быйыл ундун баасы кымбат болгондуктан Нарын районунун фермерлери буудай, арпа айдаганга басым жасап жатканын белгиледи.
“Ундун баасы кымбаттап Нарын районунунда буудай, арпаны өстүрөбүз деп жатышат. Бирок ошого үрөндү кайдан алууну билбей жатышыптыр. Райондорго барып түшүндүрүү иштерин жүргүзсөңүздөр”, — деди ал.
Өз кезегинде министр Чодуев үрөн боюнча маселе болбой турганын, себеби, керектүү каражат бар экенин белгилип, мамлекет үрөнгө кеткен чыгымдын 30 пайызын өзүнө алып жатканын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-undun-baasy-kymbattady
Добавить комментарий ×