Кыргызстанда төрөлгөн Худяков Ысык-Көлдү 13 саатта сүзүп өттү (Видео)
Кечээ, 5-августта, Кыргызстанда төрөлүп кийин Казакстандын жарандыгын алган Виталий Худяков Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ал Чолпон-Атадан Кажы-Сайга чейин 56 чакырымды түзүп өттү. Суучул аны 13 саатта багындырды.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдүн мындай чоң аралыгын эч ким сүзүп өткөн эмес. Спортчунун 13 сааттык сапарында аны кеме менен машыктыруучусу жана атасы Ахмед Анарбаев коштоп жүрдү.
Белгилей кетсек, казакстандык суучул Виталий Худяков Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 10 жана 5 чакырымдык аралыкка ачык сууда сүзүү боюнча Азиянын чемпиону.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-trlgn-hudyakov-ysyk-kld-13-saatta-szp-tt-video
Добавить комментарий ×