Кыргызстанда сөөк коюуга жөлөкпулду кантип алса болот?
Поделиться в:
Кыргызстанда сөөк коюуга жөлөкпул бир гана жолу төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Расымдык (сөөктү коюу үчүн) жөлөкпулду алууга ким укуктуу
|
- кызматкер, иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган, буйрук же келишим менен катталган (мындан ары-кызматкер);
- кызматкердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жеке ишкер (мындан ары - ЖИ); - ЖИдин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөсү (мындан ары - ДФЧ); - ДФЧнын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - расмий жумушсуз; - расмий жумушсуздун багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - социалдык жөлөкпул алуучу; - социалдык жөлөкпул алуучунун багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жумушсуз адам; - жумушсуз адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - пенсионер; - пенсионердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү. |
Негизги документтер
|
- арыз ээсинин паспорту;
- каза болгондугу жөнүндө маалымкат (№ 8);. - каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалымкат; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөт, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) арыз ээсинин фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөктү койгон фактыны тастыктаган маалымкаты; |
Кошумча документтер
|
Эгерде төмөнкүлөр каза болсо:
Кызматкер – иш берүүчү, расымдык жөлөкпулга (сөөк коюуга) төлөнгөн чыгымдарды кайтарып алуу боюнча өтүнмөнү, аймактык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берет. Мында, иш берүүчү аймактык бөлүмгө арыз бергенден кийин расымдык жөлөкпулдун төлөнгөн суммасы республикалык бюджеттин каражатынан иш берүүчүнүн алыш-бериш эсебине төлөнөт. Иш берүүчү төлөнгөн расымдык жөлөкпулдун ордун республикалык бюджеттин каражатынан толтуруу үчүн аймактык бөлүмдөргө арыз бербегенге укугу бар. ЖИ - салык органы тарабынан берилген патенттин көчүрмөсү (патенттин негизинде иштеген жарандар үчүн) же каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү. ДФЧ мүчөсү : - салык органы тарабынан берилген каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - жер үлүшүн/ участогун пайдалануу/ижарага алуу укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; Эгерде арыз ээси жер участогун белекке берүү жолу менен алса - жер үлүшүн белекке берүу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү. Эгерде арыз ээсинин кыз кезиндеги фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына өзгөртүлсө, нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү. Расмий жумушсуз : - расмий жумушсуз адамдын статусун тастыктаган маалымкат. Ошол эле учурда, жумушсуз адамдын статусун тастыктаган маалымкат талап кылынбайт. Аны жумушсуз катары каттоодо, маалыматтар эмгек рыногунун маалымат тутумуна (ИСРТ) киргизилет, алар КИССП га автономдук түрдө өтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн категориялардын багуусундагылар - маркумдун туулгандыгы же нике тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү. |
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду канча убакытка берилет
|
Расымдык жөлөкпул бир гана жолу төлөнөт.
|
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду суммасы кантип аныкталат?
|
Расымдык жөлөкпулдун суммасы 2010-жылы белгиленген орточо айлык эмгек акынын (7189 сом) пайыздык өлчөмү менен аныкталат (КРӨТ, №192, 2012-жылдын 23-марты) жана каза болгон учуруна карата маркумдун категориясына жараша болот. Жөлөкпулдун өлчөмү 1438 сомдон (20%)-7189 сомго чейин (100%) түзөт.
Пенсионерлер үчүн расымдык жөлөкпулдун өлчөмү пенсиянын он эселенген базалык бөлүгү өлчөмүндө белгиленген (17800 сом), алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү үчүн пенсиянын үч эселенген базалык бөлүгү белгиленген (5340 сом). |
Расымдык (сөоктү коюу үчүн) жөлөкпулду каржылоо булактары
|
Каза болгондордун категориясына жана анын багуусундагына карабастан (республиканын шаарларынын биринде катталган каза болгон адамдардан жан пенсионер жана алардын багуучуларынан башкаларга) республикалык бюджеттен төлөнөт.
Эгерде каза болгон адам же анын багуусундагы адам республиканын шаарларынын биринде катталса, анда жергиликтүү бюджеттин эсебинен. Пенсионер же анын багуусундагы адам каза болгон учурда, КР Социалдык фондунан төлөнөт. |
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алуу үчүн кайда кайрылуу керек
|
Расымдык жөлөкпул (сөөктү коюу үчүн) төмөнкүлөр тарабынан төлөнөт:
-кызматкер каза болгон учурда - иштеген жери аркылуу; - арыз берүүчүнүн жашаган жери боюнча райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмү аркылуу - категориясына карабастан маркумдун жана анын багуусундагы; - эгерде каза болгон адам же анын багуусундагы киши республиканын шаарларынын биринде катталса, анда шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу; - эгерде каза болгон пенсионер же пенсионердин багуусундагы киши болсо, анда Социалдык фонддун аймактык органдары аркылуу. |
Жөлөкпулду эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулабы?
|
Жок, колдонулбайт
|
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-sk-koyuuga-zhlkpuldu-kajzherden-zhana-kantip-alsa-bolot
Добавить комментарий ×