Кыргызстанда Сириядан келген согушкерлерди кармашты

27 мая 2019 13:17 1024 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунда УКМК кызматкерлери МЧК кызматкерлери менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдардын согушкерлерин кармашты. Бул тууралуу КР УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, согушкерлер Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан учурда кармалышкан.

«29 жаштагы Р.Б. жана 28 жаштагы Р.У. текшерген учурда Калашников автоматына тиешелүү ок-дарылар табылган. Р.Б. 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүргөндө материалдык-техникалык камсыздоо эмиссарларынын таасирине кабылган. Аны согуштук аракеттерге катышууга Сирияга жиберишкен. 2017-жылы ага карата Интерпол аркылуу мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Кармалган Р.У. дагы Сириядагы өкмөткө каршы аскердик кагылыштын катышуучусу. Кармалгандар УКМКнын ТИЗОсуна кармалды», — делет УКМКнын маалыматында.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-siriyadan-kelgen-sogushkerlerdi-karmashty



Добавить комментарий