Кыргызстанда он саат бою аккордеондун үнү жаңырат
Кыргыз радиосунун угармандары эртең, 23-майда саат 09:00дөн 19:00гө чейин аккордеондун кайрыктарынан угушат. Саамалыктын алкагында аккордеондун ар багыттуу музыкалык жанрларга тийгизген таасири жөнүндө кеп козголуп, кыргыз жерине бул аспапты алып келген залкарлардын эмгеги айтылат. Бул тууралуу Вarometr.kg сайтына кыргыз радиосунун кызматкери Чыңгыз Рыскелдиев билдирди:
“Биздин радио өзүңүздөр билгендей кыргыздын каада-салтын, адабиятын, маданиятын, улуттук провисаналдуу музыканы жайылтууга көмөк көргөзүп келет. Мындай саамалыкты алгачкы ирет өткөрүп жаткан жокбуз. Бул жолу кыргыз музыкасынын тарыхында чоң бир бурулушту өзүнө камтып, элибиздин музыкалык казынасынын байышына таасир эткен эң популярдуу аспаптардын бири аккордеонду тандап алдык. 1960 – жылдардан соң даңазасы артып, бир топ чыгармачыл адамдардын ишин илгерилеткен музыкалык аспаптын үнү кыргыз радиосунун толкунунда бир күн кечке жаңырат. Ыр коштоодогу, аспаптык чыгармаларды жаратуудагы жел кыяктын мүмкүнчүлүктөрүнө саресеп салып, аккордеонду чебер ойногон профессионал таланттар келип өнөрүн элге тартуулашат” – деп маалымат берди.
Белгилей кетсек буга чейин “Күү күнү” кыргыз радиосунда жогорку деңгээлде белгиленген. Бул жолу угармандар күнү боюу эфинден жел кыяктын коштоосундагы ырларды жана кыргыз радиосунун “Алтын казынасына” жазылып алынган аккордеон кайрыктарына күбө болушат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-saat-boyu-akkordeondun-n-zhayrat
Добавить комментарий ×