Кыргызстанда орточо айлык акы 17 996 сом болду

29 сентября 2020 16:50 8643 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда орточо айлык акылар жыл ичинде 9,4 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу КР Экономика министрлиги өткөргөн брифингде айтылган маалыматка таянып "Барометр" билдирет.  

"2020-жылдын январь-июль айларында бир айдагы номиналдуу орточо айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 996 сом болду. Ошондой эле 2019-жылдын январь-июль айларына салыштырганда быйылкы жылда айлык акылар 9,4 пайызга көбөйүп, анын керектөөчү баалардын индекси менен эсептелген реалдуу көлөмү 3,5 пайызга өскөн. Ал эми инфляциянын деңгээлин көрсөткөн керектөөчү баалардын индекси 102,2 пайызды (2020-жылдын августу өткөн жылдын декабрына карата) түздү", -деп айтылат маалыматта.

Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2020-жылдын январь-августу 2019-жылдын январь-августуна карата) 105,6 пайызды түзгөн, ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2018-жылдын январь-август айларында инфляция 100,4 пайыз болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-ortocho-ajlyk-aky-17-996-som-boldu



Добавить комментарий

  • Кайдагы 17000.Байкуш мугалимдердин айлыгыгы качан 17000ге жетет Инфляция болуп эле жатат бирок мугалимдердин айлыгы кобойбой ошол боюнча калды
  • Качан калп айтканды коёсунар. Мамлекетте иштегендер жетишпеген ит жашоодо жашап жатпайбы.
  • Жанын жешетгоооо. Апрель айынан баштап жумуш бир бар, бир жок отурабыз.