Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10 миң сом
Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду 29,2 миң адам алды. Бул тууралуу Эмгек жана Социалдык Өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-ноябрына карата 31,7 миң адамды түздү.
Алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 29,2 миң адам, расымдык жөлөкпул – 2,5 миң адам.
Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10,1 миң сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 3,5 миң сом.
Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 304,6 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 295,7 млн сом жана расымдык жөлөкпулга - 8,9 млн сом сарпталган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kosh-bojluu-zhana-trt-boyuncha-zhlkpuldun-ortocho-lchm-3-mi-500-som
Добавить комментарий ×