Кыргызстанда коронавирусту аныктай турчу тесттердин тартыштыгы жок

26 марта 2020 11:26 922 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда коронавирусту аныктай турчу тесттер жетиштүү. Алардын тартыштыгы жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Ал “Барометр” маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду.

“Тест-системалары жетиштүү. Башында жетишсиз болуп жаткан. Тест системалары жардам катары Россиядан, Япониядан, Түркиядан келди. Азыр ишкерлер дагы тест системаларын алууга жардам берип жатат”, — деди ал.

Акматова 26-март, саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 44 кишиден коронавирус табылып, алардын алтоосу реанимацияда экенин кабарлады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustu-anyktaj-turchu-testterdin-tartyshtygy-zhok



Добавить комментарий